Кыргызстанда ишкерлердин 127 миңден ашык виртуалдык кампасы иштейт

Азыркы учурда Салык кызматынын маалыматтык системасында электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз колдонгон 111 миң 449 ишкер катталган. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Алар тарабынан «ЭТТК» системасы аркылуу 15.7 млн электрондук документ түзүлгөн, алардын ичинен сатуу боюнча – 12.5 млн, эсептен чыгаруу – 1.2 млн, алып өтүү – 751.9 миң, кириштөө боюнча – 1.2 млн документ.

Ишкерлердин 127 миңден ашык виртуалдык кампалары активдүү иштеп жатат. Мындан тышкары, товарлардын 2.3 млн уникалдуу түрү ЭТТК товарлар каталогунда катталган.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын май айынан тартып ЭТТКны мунай жана мунай заттарды жана товарларды жүгүртүүчү салык төлөөчүлөр, 2022-жылдын 1-июлунан тартып Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан бекитилген тизмеге киргизилген товарларды жүгүртүүчү салык төлөөчүлөр, 2023-жылдын 1-январынан тартып товарларды жүгүртүү менен алектенген ишкерлер колдонушууда.

Электрондук товардык транспорттук коштомо кагаз – бул товар, жөнөтүүчү, алуучу, транспорт каражаты жөнүндө жана башка маалыматтарды камтыган электрондук документ.