Ошто туристтер үчүн «Босого» маалымат борбору ачылды

Ошто туристтер баардык суроолоруна жооп берүүчү «Босого» маалымат борбору ачылды. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду билдирди.

Бул жерде Кыргызстанга келген туристтер кайсыл кызыктуу жерлерге барууну, мейманканалардын, гиддердин жана логистикалык компаниялар боюнча маалымат берилет, жакшы кафе тамак жей турган жайлар сунушталат, сим-карта алууга жардам берилет жана зарыл болгон учурда документтерди кантип түзүү керектиги айтылат.

Бул маалымат столунда иштөө үчүн консультанттар абдан кылдаттык менен тандалып алынган. Аларга туристтерди тейлөөгө басым жасалып, туристерди кабыл алуу боюнча окуулар өткөрүлүп турат.

Бишкектеги Улуттук тарых музейинин имаратында жана «Манас» аэропортунда «Босого» маалымат столдору ийгиликтүү иштеп жатат. Ошондой эле мессенджерлер (W/A, Telegram) аркылуу чалуулар үчүн 7000 номери жана 0755007000 номери менен күнү-түнү иштеген байланыш борбору бар. Акыркы бир айдын ичинде алар төрт миңге жакын суроо-талаптарды аткарышты.