Кыргызстанда жеке менчик саламаттык сактоо уюмдары текшерилет
Кыргызстандыктарга сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү максатында жеке менчик саламаттык сактоо уюмдарынын ишмердигине аудит жүргүзүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу минкаб билдирди.
Такталгандай, тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Ведомстволор аралык жумушчу топко эки айдын аралыгында, Кыргызстанда жеке менчик саламаттык сактоо уюмдарынын ишин текшерет жана анын жыйынтыгы боюнча президентинин администрациясынын жетекчилигинин кароосуна алардын ишин оптималдаштыруу жана өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүү тапшырмасы берилди.