Ишкерлерге эскертүү: Бишкекте кыргыз-түрк бизнес-форуму өтөт

2024-жылдын 28-февралында Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы ишкердик мамилелерди чыңдоо жана активдештирүү максатында Бишкекте соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча бизнес-форум өткөрүлөт. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.

Форум түрк инвестициясын тартууга, экономиканын түрдүү тармактарында биргелешкен ишканаларды түзүүгө жана кыргыз продукциясынын Түркиянын рыногуна жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө багытталган. Иш-чара эки өлкөнүн бизнес-коомчулугунун өкүлдөрүнүн ортосунда жаңы байланыштарды түзүү жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты орнотуу үчүн эффективдүү аянтча болоору күтүлүүдө.

Форумдун программасына КРнын экономикасынын артыкчылыктуу тармактарындагы долбоорлордун презентациялары кирет. Тактап айтканда, алар инвестиция тартууга даяр инновациялык долбоорлор аркылуу көрсөтүлөт.

Продукциялардын көргөзмөсүнүн алкагында ата мекендик компаниялар өз продукцияларын тартуулашат. Катышуучулар продукциялар менен түздөн-түз таанышып, демонстрацияларга катыша алышат жана мындан аркы кызматташуу үчүн потенциалдуу өнөктөштөрдү таба алышат.

ЖМК өкүлдөрүн аккредитациялоо үчүн телефондор: 0550900130, 0704694644, 0707667183.