«Альянс Алтын» Жаратылыш ресурстар министрлиги менен активдүү кызматташуусу үчүн сыйланды

«Альянс Алтын» ЖЧКсынын башкы директору Сабир Рахматов Кыргызстандын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен тыгыз кызматташуусу үчүн сыйланды. Бул тууралуу компаниянын маалымат кызматы билдирди.

Министрликтин өкүлдөрү «Альянс Алтын» компаниясы татаал жана маанилүү тармактык маселелерди чечүүгө жигердүү катышып, КРнын тоо-кен тармагын өнүктүрүүгө чоң салым кошуп жатканын баса белгиледи.

Белгилей кетсек, 2015-жылдан 2024-жылдын январына чейин «Альянс Алтын» мамлекеттик казынага 15.9 млрд сом салык төлөгөн. Анын дээрлик 11.4 млрд алтынды сатуудан түшкөн кирешеге салык болгон. Мындан тышкары компания жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүүгө жана тейлөөгө 1.1 млрд сом которду.