Таласта өзүн-өзү тейлөөчү унаа жуучу жайларга мониторинг жүргүзүлдү.

2024-жылдын 6-мартында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмүнүн кызматкерлери Таласта өзүн-өзү тейлөөчү унаа жуучу жайларга мониторинг жүргүзүштү. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Мониторингдин жүрүшүндө Талас шаарындагы өзүн-өзү тейлөө унаа жуучу жайларда кызмат акысы тууралуу маалымат көрсөтүлбөй иштеп келишкен.

Тагыраак айтканда керектөөчүлөргө унаа жуучу жайлардын администрациясы тарабынан суунун, көбүктүн жана башка кошумча кызматтарга төлөнүүчү баасы тууралуу маалымат берилген эмес.

«Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» мыйзамынын 9-беренесинин 2-пунктуна ылайык :

(Товарлар (иштер, кызмат көрсөтүүлөр) жөнүндө маалымат милдеттүү түрдө төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

·      товардын (иштин, кызмат көрсөтүүнүн) аталышын;

·      товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) улуттук валютадагы жана (же) пайыздык туюнтмадагы баасын, комиссиялык сый акыларын жана тарифтерин, ошондой эле сатып алуу шарттарын).

Жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам бузучулукту жоюу максатында өзүн-өзү тейлөө унаа жуучу түйүндөрдүн ээлерине түшүндүрү иштери жүргүзүлүп, аталган мыйзам бузуучулукту токтоосуз жою максатында жазма көрсөтмөлөр берилди.