Ысык-Көлдүн жетекчилиги ишкерлер менен инвестициялык өнүгүүнү талкуулашты

7-мартта президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев облустун ишкерлери менен жыйын өткөрдү, ага райондун акимдери, күч түзүмдөрүнүн, архитектуранын, токой чарбасы жана айыл чарбасын өнуктуруу башкармалыктарынын өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу администрациянын маалымат кызматы билдирди.

Жыйында аймакты өнүктүрүүнүн түрдүү аспектилери, анын ичинде энергиянын кайра жаралуучу булактарына жер бөлүү, айыл чарба жана өнөр жайга инвестиция тартуу маселелери талкууланды. Катышуучулар инвесторлорду тартуу жана аймактын туруктуу экономикалык өнүгүүсүнө салым кошо турган долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча конкреттүү кадамдарды талкууланды.

Бул иш-чара облус аймагындагы мамлекеттик органдар менен бизнес коомчулугунун өнөктөштүгүнүн маанилүү этабы катары белгиленди. Ыңгайлуу инвестициялык чөйрөнү түзүү жана региондук экономиканын түрдүү тармактарын өнүктүрүүгө дем берүү жарандардын туруктуу өсүшүн жана бакубаттуулугун камсыз кылуу аракеттеринин негизги артыкчылыктары болуп саналат.