Баткенде миграция маселеси тууралуу кеңешме өтүүдө

Баткенде миграциялык процесстерди талкуулаган кеңешме өттү. Бул тууралуу облустагы президенттин өкүлчүлүгү билдирди.

Такталгандай, иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Нурдөөлөт Базарбаев, экономика жана коммерция министринин орун басары  Чоро Сейитов, миграция боюнча эл аралык уюмдун КРдагы офисинин башчысы Бермет Молдобаева жана  эл аралык эксперттер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, ишкерлер  катышууда.

Уюштурулган иш-чара  2021-2030-жылдарга карата иштелип чыккан Кыргыз Республикасынын миграциялык саясат Концепциясынын жана 2025-жылга чейин Концепцияны аткаруу боюнча иш-чараларынын планынын алкагында болуп жатат.

Кеңешмеде миграция өлкөнүн аймактарындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө таасир этүүчү маанилүү фактор экени белгиленип, миграциялык саясаттын негизги багыттары- алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо экени айтылды.

Иш - чарада эксперттер, аймактарда бизнести өнүктүрүү максатында чет мамлекеттен кайтып келген жарандарды жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн жеке ишкердик боюнча ишмердүүлүк көндүмдөрүнө жана финансылык сабаттуулукка окутуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат менен бөлүшүштү.

Ошондой эле Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалыматты жайылтуунун маанилүү максаттары катары чет мамлекеттеги диаспораларды, уюмдарды тартуу маселелери талкууланды.