Жайыттарды жакшыртуу максатында эспарцет үрөнү облустарга таратылууда

Жайыттарды жакшыртуу максатында эспарцет үрөнү облустарга таратылууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин 2023-жылдын 26-сентябрындагы №526 –т тескемесинин негизинде, жайыттарды жакшыртуу максатында жайыттарга жайыт чөптөрү менен аралаштырып себүү үчүн эспарцет үрөнү РФнын «АгроМакс» ЖЧКнан конкурстук негизде 8 638 760 сомго 66452 кг сатылып алынып, төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:

·      Баткен облусуна – 1 410 кг;

·      Жалал-Абад облусуна – 25 570 кг;

·      Ош облусуна – 25 340 кг;

·      Талас облусуна – 3 910 кг;

·      Чүй облусуна – 10 222 кг.

2024-жылдын 11-мартында эспарцет үрөнү жүктөлүп, жер-жерлерге жеткирүү иштери уюштурулат.