«Альянс Алтындын» рекорду: 2023-жылы Жерүйдө 4.4 тонна алтын өндүрүлгөн

«Альянс Алтын» тоо кен компаниясы 2023-жылы алтын өндүрүү боюнча жаңы рекорд койду. Таластагы алтын кен комбинаты 4.4 тонна алтын өндүргөн. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

«Альянс Алтын» белгилегендей, компания заманбап жабдууларды колдонуу жана активдүү персоналды окутуу аркылуу өндүрүштүн жана эмгектин коопсуздугунун жогорку деңгээлин сактап келет.

Такталгандай, «Альянс Алтын» ишмердигинин алгачкы күндөрүнөн 2023-жылдын декабрына чейин Кыргызстандын бюджетине салык түрүндө 15 млрд 42 млн сом төлөгөн. Мындан тышкары, компания жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүүгө жана тейлөөгө үзгүлтүксүз акча бөлүп, инвестициялык жана социалдык долбоорлор аркылуу Талас облусунун жана бүткүл өлкөнүн экономикасын стимулдайт.

«Альянс Алтындын» негизги баалуулугу –Талас облусунун тургундарынан турган командасын түзүү болуп саналат. Компания өзүнүн персоналын өнүктүрүүгө жигердүү каражат жумшайт. 2023-жылдын январь-декабрында дээрлик ар бир кызматкер Жерүйдө жана беш башка багыт боюнча милдеттүү түрдө кайталанган билим сынагынан өткөн.

Мындан тышкары, 605 кызматкер милдеттүү окуудан өтүп, 174 кызматкер квалификациясын жогорулатышты, 115 кызматкер биринчи медициналык жардам көрсөтүү ыкмаларын үйрөнүштү, 17 кызматкер практикадан өттү, 15 кызматкер ядролук жана радиациялык коопсуздук боюнча атайын окуу курсунан өттү.