Бишкектин ишкерлери үчүн «Бизнести агартуу кербени» өтөт

Ишкерлерге маалыматтык колдоо көрсөтүү максатында «Бизнести агартуу кербени» иш-чарасы өтөт. Бул тууралуу JIA Ассоциациясы билдирди.

Бул долбоор Кыргызстандын бардык облус борборлорунда өтүп, эми Бишкек шаарында уюштурулат. Маалыматтык жолугушууда:

·      салык кодексине киргизилген жаңы өзгөртүүлөр;

·      чакан жана орто бизнес үчүн салык режимдер;

·      контролдук-кассалык машиналарды колдонуу эрежелери;

·      электрондук кампа жана ЭТТККны колдонуу эрежелери;

·      электрондук эсеп фактураны (ЭЭФ) берүү тартиби;

·      салыктар жана социалдык камсыздандыруу электрондук отчетторун өз алдынча тапшыруу;

·      мамлекеттик контролдоочу органдар тарабынан ишкердикти текшерүүгө тыюу салган мораторий;

·      жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө маалыматтар берилет.

Иш-чара акысыз. Катталыш үчүн: https://clck.ru/39MR7f.

Өткөрүү жайы жана убактысы: Бишкек шаары, Novotel,  29-март саат 08:30. Байланыш номер: 0701 88 25 25

JIA бизнес-ассоциациясы, Экономика жана коммерция министрлиги жана Салык кызматы тарабынан биргеликте ашырылган долбоор.