Ишкерлерди колдоо долбоорунун алкагында 6.2 млрд сом пайызсыз кредит берилди

2024-жылдын 1-мартына карата «Микро, чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоо» долбоорунун жалпы суммасы 6 млрд 249 млн 025 миң 918 сомду түздү. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Пайызсыз насыяны 9 288 ишкер алды. Алар:

·      1-категория боюнча (1 млн сомго чейин) 8 110 ишкерге 4 млрд 471 млн 987 миң 243 сом берилген;

·      2-категория боюнча (3 млн сомго чейин) 1178 ишкерге  1 млрд 777 млн 38 миң 675 сом насыя берилди.

Белгилей кетсек, долбоор КРнын бүткүл аймагында 2027-жылдын июлуна чейин ишке ашырылат.