Яндекс Go Такси айдоочулардын эл аралык күнүнө карата таксисттердин чайпулун эки эсе көбөйттү

22-мартта ушул күндөгү бардык сапарлар үчүн накталай эмес чайпул дароо эки эсеге көбөйдү. Анткени Яндекс Go сервис аркылуу иштеп жаткан айдоочуларды Такси айдоочулардын эл аралык күнү менен куттуктады – компания кошумча сый акыны өздүк каражаттардын эсебинен бөлдү.

«Биз менен бирге күн сайын сиздер үчүн ыӊгайлуу жана жагымдуу сапарларды камсыз кылып келген айдоочуларга рахмат», - деп компаниядан белгилешти.

Яндекс Go ушул сыяктуу акцияларды жылда өткөрөт.

Бул күнү айдоочуларды кесиптик майрамы менен жүргүнчүлөр дагы куттуктап, көбүрөөк чайпул калтырышат. Мисалы өткөн жылдын 22-мартында ошол айдагы бардык иш күндөргө караганда үч эсе көбүрөөк чайпул калтырышкан. Ал эми сервистин сый акысы менен - алты эсеге көбөйгөн.