> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Салык кызматкерлери товарларды мыйзамсыз ташып келүүнү токтотушту
- URL: https://im.kg/biznes/2024/03/25/salyk-kyzmatkierlieri-tovarlardy-myizamsyz-tashyp-kieluunu-toktotushtu/
- Published: 2024-03-25T09:50:24.000Z
- Updated: 2024-03-25T09:50:24.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Бизнес, #Import 2025-07-22 12:57

**Салык кызматынын кызматкерлери УКМКнын мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте "Ак-Тилек - автожол" көзөмөл — өткөрүү пунктунда ири өлчөмдө дары-дармек каражаттарын, кездемелерди жана балык уулоочу шаймандарды мыйзамсыз ташып кирүү фактысын токтотушту. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.**

Жогоруда аталган продукция өлкөнүн аймагына "жеке колдонуу үчүн мурда колдонулган"деген шылтоо менен алынып келинген.

Учурда жүктүн кимге таандык экендиги жана келтирилген зыяндар тууралуу маалыматтар такталууда. Кароонун жыйынтыгы боюнча иштин материалдарына юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.

Белгилей кетсек, консолидацияланган жүктүн курамында ишкердик максаттар үчүн товарлар импорттолсо, алуучу импорттоочуну/ташуучуну ЕАЭБ өлкөлөрүнөн импорттун максаттары үчүн салыктык каттоо жөнүндө маалымкаттын каттоо номери жана товарларды эсепке алуу пунктуна андан ары берүү үчүн эсеп-фактура менен камсыз кылууга милдеттүү.

Салык кызматы өлкөнүн аймагындагы эсепке алынбаган товарларды аныктоо боюнча ишин улантууда.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2024/03/1-1.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2024/03/2.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2024/03/3.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2024/03/4.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2024/03/5.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2024/03/6.jpg)