Өкмөт башчысы «Яндекс» тобунун жетекчилиги менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Яндекс» бизнес тобунун башкы директору Даниил Шулейко жетектеген делегацияны кабыл алды. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Минкаб башчысы «өлкөнүн салык мыйзамдары дээрлик бардык бизнести масштабдуу кылууга мүмкүндүк берет» деп белгилеп, «салыктарды ак ниеттүүлүк менен төлөөгө даяр инвесторлорго, өнүгүү үчүн мамлекет бардык шарттарды түзүүгө даяр экенин кошумчалады.

Бул контекстте минкаб башчысы учурдагы колдонуудагы тиркемеге айдоочулар үчүн автоматташтырылган салыктык отчеттуулук функциясын киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, тиешелүү маалыматтарды салык органдарына автоматтык түрдө берүү зарылдыгын белгиледи.

Өз кезегинде Даниил Шулейко өлкөнүн дээрлик ар бир жетинчи тургуну Яндекстин кызматын колдоноорун жана бүгүнкү күндө 100 миңден ашык айдоочу Yandex Go платформасында акча табуу мүмкүнчүлүгүнө ээ экенин баса белгиледи.

Ал ошондой эле «Кыргызстанда бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттар түзүлгөнүн жана Яндекс өлкөдө өз кызматтарын мындан ары жакшыртууну көздөп жатканын» кошумчалады.

Мындан тышкары, ата мекендик маалымат рыногу менен консультацияларды өткөрүү үчүн жасалма интеллект жана IT чөйрөсүндөгү алдыңкы россиялык адистердин тобунун өлкөгө сапарын уюштуруу боюнча макулдашууга жетишилди.