Өкмөт «Газпромбанк» менен биргелешкен долбоорлорду талкуулады

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Газпромбанк» ААКнун башкармалыгынын төрагасынын орун басары Алексей Матвеев баштаган делегацияны кабыл алды. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Жолугушууда Жапаров 22-мартта көп сандагы адам курмандыктарына алып келген «Крокус Сити Холлдо» болгон трагедияга байланыштуу россиялык делегацияга көңүл айтты.

Тараптар республиканын энергетика, жол куруу, мамлекеттик сатып алуулар, банктык коштоо, лизингдик кызмат көрсөтүүлөр жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндөгү инфраструктуралык долбоорлорун каржылоо маселелерин талкуулашты.

Минкаб төрагасы бул жолугушуу КР менен «Газпромбанктын» мындан аркы эффективдүү өз ара аракеттенүүсүнө кошумча түрткү берерин белгилеп, эки тарапты кызыктырган бардык чөйрөлөрдө башка инструменттерди киргизүүгө даяр экендигин билдирди.

Өз кезегинде Алексей Матвеев биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүнө токтолуп, банктык коштоо жана лизингдик кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндөгү учурларга өзгөчө көңүл бурду.