Таласта жеке ишкерлер менен тегерек стол өттү

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы 2024-жылдын 27-мартында Таластын прокуратурасы менен биргеликте жеке ишкерлердин катышуусунда тегерек стол өткөрүштү. Бул тууралуу мекеме билдирди. 

Тегерек столдун алкагында президенттин 2024-жылдын 9-январындагы ПЖ № 1 сандуу “Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө” жарлыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ал эми Талас облустук бөлүмдүн башчысы Б.Р. Токтогулов жыйындын катышуучуларына Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы/Служба антимонопольного регулирования ишмердүүлүгү боюнча маалымат берип, ишкерлерге “Керектөөчүлөрдун укуктарын коргоо жөнүндө” Мыйзамынын талаптары боюнча кенен түшүндүрмө берди.

Тегерек столдун соңунда ишкерлер жана мамлекеттик кызматкерлердин ортосунда суроо-жооптор берилип, катышкандар өздөрүнө керектүү маалыматтарды алышты.