«Альянс Алтын» өнөктөштөр менен бирге күрөш боюнча Азия чемпиондоруна унааларды тапшырды

Дүйнө чемпиону болгон Жоламан Шаршенбеков жана күмүш медалга ээ болгон Айпери Медет кызы бүгүнкү салтанаттуу аземде «Альянс Алтындан» жана анын өнөктөштөрүнөн Toyota үлгүсүндөгү автомобилдердин ачкычтарын алышты. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди.

Мындан тышкары, спортчулар Мээрим Жуманазарова, Үзүр Жузупбеков, Бекзат Алмаз уулу, Калидин Асыкеев, Раззак Бейшекеев, Исламбек Орозбеков, Тынар Шаршенбеков жана Атабек Азизбеков 100 миң сомдук сертификаттарга ээ болушту.

«Биздин компания жаштарды сергек жашоого үгүттөйт, дене тарбия жана спорт менен машыгууга чакырат. Биздин спортчулар жогорку көрсөткүчтөрдү көрсөтө алыгдай болушу үчүн биз аларга шарт түзүүгө жардам беребиз. Ал эми Парижде боло турган Олимпиадада биздин балбандар алтын медалды утууга жетишет деп ишенебиз»,- деп белгиледи компаниянын башкы директору Сабир Рахматов.