Экологиялык диалог: «Альянс Алтын» эко долбоорлорду колдоону улантат

Талас облусунда экологияга өзгөчө көңүл бурулат. Талас шаарында 2024-жылдын 19-апрелинде «Альянс Алтын» компаниясы «Экологиялык диалог: келечекке көз караш» аттуу тегерек стол өткөрдү. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

Алсак, тегерек столго Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн өкүлдөрү, экологдор, окумуштуулар, студенттер, суу чарба, өзгөчө кырдаалдар, мамлекеттик жана өкмөттүк уюмдардын адистери, жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Катышуучулар облустун экологиялык көйгөйлөрүн талкуулап, Таластын жаратылышына коркунуч келтирген аракеттерге биргелешип каршы туруу максатында аларды чечүү боюнча сунуштарын айтышты.

Талкуунун жыйынтыгында облустун экологиялык коопсуздугун камсыздоо боюнча резолюция кабыл алынды. Документте аймакты жашылдандыруу, сууну сарамжалдуу пайдалануу, таштандыларды тазалоо, сорттоо, өрттүн алдын алуу жана токой аянттарын таза кармоо боюнча сунуштар камтылган.

«Альянс Алтын» ишканасынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн кызматкери Асман Ташматовдун айтымында, тегерек столдун катышуучулары 8 сунуш беришти. Аларды деталдуу изилдеп чыккандан кийин кайсынысына колдоо көрсөтүлүп, канча каражат бөлүнөөрү боюнча чечим кабыл алынат.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө «Альянс Алтын» компаниясынын өнүктүрүү фонду экологиялык долбоорлорду колдоого жалпысынан 50 миллион сомго жакын каражат бөлгөн.

Иш-чарада Жерүй алтын кенинин экологияга тийгизген таасири да талкууланды. Талкууга катышкан экологдор компаниянын ишмердүүлүгү дайыма көзөмөлгө алынып, текшерүүлөр жүргүзүлүп, 9 жыл бою «Альянс Алтын» олуттуу ката кетирбегендигин баса белгилешти.

Жаратылыш ресурстары, экология жана электр көзөмөл министрлигинин Талас облустук башкармалыгынын башчысы Бекмурза Ашымов ишкана экологиялык таза долбоорлорго жакын экенин баса белгилеп, Беккари чуңкурларын даярдоого каржылык колдоо көрсөтүү сунушун «Альянс Алтынга» жеткиргенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, «Альянс Алтын» компаниясы ачык иштеп жатат. Компаниянын коомчулук менен байланыш бөлүмү ай сайын «Жер-Үйдүн жарчысы» маалыматтык китепчелерин таркатып турат. Китепчеде компаниянын бир айлык ишмердүүлүгү, аймакты өнүктүрүүгө которулган каражаттар, ишке ашырылган долбоорлор ж.б. камтылган

Мындан тышкары, компания мамлекеттик, жарандык коомдун, калктын жана башка кызыкдар тараптардын өкүлдөрү менен биргеликте ачык-айкын маалымат берип, кендин өндүрүш аймагын тааныштырат.