РКӨФ жана «Альянс Алтын» биргеликте Таластагы долбоорлорду каржылайт

Россия-Кыргыз өнүгүү фонду «Альянс Алтын» компаниясы жана ушул эле аталыштагы өнүктүрүү фонду үч тараптуу кызматташуу келишимин түзүштү.

Келишим энергиянын кайра жаралуучу булактары, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана башка негизги багыттарда биргелешип иштөөгө багытталган.

Бул кызматташтыктын алкагында РКӨФ жана «Альянс Алтын» өнүгүү фонду Талас облусунда тиешелүү долбоорлорду тандап, экспертизадан өткөрүп, ишке ашырууга катышат.

Макулдашуунун негизги максаттары ишкерликти колдоо жана аймактын элинин жашоо деңгээлин көтөрүү болуп саналат.