> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# “Тамчы” инвестициялык аймагы түзүлөт
- URL: https://im.kg/biznes/2025/10/07/tamchy-inviestitsiialyk-aimaghy-tuzulot/
- Published: 2025-10-07T10:29:04.000Z
- Updated: 2025-10-07T10:29:04.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Бизнес

**Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көлдө «Өзгөчө укуктук режимдеги жана статусу бар «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө» мыйзамдын аткарылышы боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.**

 Кеңешмеге мамлекеттик органдардын жетекчилери, ошондой эле эл аралык консультанттар, сингапурдук «Makara Capital» инвестициялык-консультациялыккомпаниясынын жетекчилери жана эксперттери катышты.

Министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев аталган инвестициялык аймактытүзүү өлкөнү өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарынын бири болуп саналарын белгиледи. Кеңешмеге катышкан сингапурдук «Makara Capital» инвестициялык-консультациялык компаниясынын жетекчилери менен эксперттери долбоорду долбоорлоонун жана ишке киргизүүнүн негизги принциптерин баяндашты.