> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Венгрия–Кыргызстан форуму: тамак-аш секторундагы инвестиция жана технологиялык кызматташтык
- URL: https://im.kg/biznes/2025/11/05/vienghriia-kyrghyzstan-forumu-tamak-ash-siektorundaghy-inviestitsiia-zhana-tiekhnologhiialyk-kyzmattashtyk/
- Published: 2025-11-05T05:57:55.000Z
- Updated: 2025-11-05T05:57:55.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Бизнес

**Бүгүн, 5-ноябрда Бишкектеги Венгрия Элчилигинде Венгрия–Кыргызстан тамак-аш өнөр жайы форуму өтүп жатат. Иш-чарага алдыңкы венгр компаниялары – Maurer Gép, Kavali жана Unimatik катышып, мөмө-жемиштерди кайра иштетүү үчүн заманбап жабдуулар менен инновациялык чечимдерди тааныштырышууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.** 

Форумдун максаты – кыргыз жана венгр ишкерлеринин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо, инвестициялык жана технологиялык байланыштарды кеңейтүү. 

Иш-чарада Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаментинин директору М.Чыналиев министрлик тарабынан берилчү финансылык колдоо жана ишкерлерге жеткиликтүү мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымдады.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/photo_5213330256096332635_y.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/photo_5213330256096332637_y.jpg)