> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда 9 айда кийим өндүрүү 14,7 млрд 734,8 млн сомго жетти
- URL: https://im.kg/biznes/2025/11/16/kyrghyzstanda-9-aida-kiiim-onduruu-14-7-mlrd-734-8-mln-somgho-zhietti/
- Published: 2025-11-16T08:47:37.000Z
- Updated: 2025-11-16T08:47:36.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Бизнес

**Кыргызстанда январь-сентябрь айларындагы кийим өндүрүү 14,7 млрд 734,8 млн сомго жеткени статистикалык маалыматтарда келтирилди.** 

> Бул көрсөткүч 2024-жылдын ушул мезгилине караганда 3,1 млрд сомго же болжол менен 26,6%га көп. Ишкерликтин бул түрү боюнча физикалык индекс көлөмү 9 айда 116,7%га жеткен. 

2025-жылдын сентябрь айында карата тигүү тармагынын ишканалары 1 млрд 866,4 млн сомго продукция чыгарган. Ошентип, бир айлык өндүрүү көлөмү 12,4%га, а кийим өндүрүшүнүн физикалык индекс көлөмү 116,9%ды түзгөн.