> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кадамжайдагы “Рахат-Тан” ишканасы сүт продукциясын чыгарууну улантууда
- URL: https://im.kg/biznes/2025/11/20/kadamzhaidaghy-rakhat-tan-ishkanasy-sut-produktsiiasyn-chygharuunu-ulantuuda/
- Published: 2025-11-20T06:31:20.000Z
- Updated: 2025-11-20T06:31:20.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Бизнес

**Кадамжай районунун Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Айырбас айылында жайгашкан “Рахат-Тан” сүттү кайра иштетүүчү ишканасы өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.**

Ишкана 2017-жылы Кыргыз Өнүктүрүү фондунан 8,5 млн сом кредит алган жана Айыл чарба министрлигинин 30+20+10 программасынын алкагында ишке ашырылган. Сүттү айра иштетүүчү ишкана

Учурда ишканада 5 туруктуу жумуш орду түзүлгөн, ал эми күнүнө 1000 литр сүттү кайра иштетүү мүмкүнчүлүгү бар. Ишканада быштак, кефир, сметана, ак май жана түрдүү сырлар өндүрүлөт. Продукция мектептерге, бала бакчаларга жана “Кызыл-Кыя цемент заводуна” (ЮКЦ) үзгүлтүксүз жеткирилет.

Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Кадамжайдагы "Рахат-Тан" ишканасы сүт продукциясын чыгарууну улантууда.