> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ишкерлер үчүн бардык мамлекеттик кызматтар бир терезеде көрсөтүлөт
- URL: https://im.kg/biznes/2025/12/15/ishkierlier-uchun-bardyk-mamliekiettik-kyzmattar-bir-tierieziedie-korsotulot/
- Published: 2025-12-15T10:59:19.000Z
- Updated: 2025-12-15T10:59:19.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Бизнес

**Салык кызматы сервистик багыттагы органга айланып, онлайн форматта да, жеке кайрылууда да көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатып жатат.**

Салык кызматынын маалыматына ылайык, Ишкерлерди тейлөө борборлору ачылган, анда салык кызматтары жана бир катар башка мамлекеттик кызматтар “бир терезеде” көрсөтүлөт.

> Ишкерлерди тейлөө борборлору күн сайын 2 000ге чейин жарандарга жана ишкерлерге сапаттуу мамлекеттик кызматтарды алууга жардам берет.

Бул жерде кадимки салык төлөөчүлөр да, ишкерлер да ыкчам түрдө төмөнкү кызматтарды ала алышат:  
• бизнести каттоо жана кайра каттоо;  
• отчетторду жана декларацияларды кабыл алуу;  
• карыздын жоктугу тууралуу маалымкаттар;  
• лицензиялар жана уруксат берүүчү документтер;  
• мамлекеттик реестрилерден көчүрмөлөр;  
• бизнес ачуу жана жүргүзүү, экспорт жана Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча консультациялар;  
• Булуттук электрондук кол тамганы алуу.

> Мындай борборлорду түзүү административдик тоскоолдуктарды азайтууга жана бизнести жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

 Даректер: Бишкек шаары, Ибраимов көчөсү, 152;  
 Ош шаары, А. Масалиев проспектиси, 75.

 Иштөө графиги:дүйшөмбү – шейшемби: саат 9:00дөн 18:00гө чейин.