> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Илон Маск тарыхта 600 млрд долларлык байлыгы бар алгачкы адам болду
- URL: https://im.kg/biznes/2025/12/16/ilon-mask-tarykhta-600-mlrd-dollarlyk-bailyghy-bar-alghachky-adam-boldu/
- Published: 2025-12-16T03:26:26.000Z
- Updated: 2025-12-16T03:26:26.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Бизнес, Кызыктуу

**SpaceX компаниясынын негиздөөчүсү, америкалык миллиардер Илон Маск тарыхта 600 млрд долларлык байлыгы бар тарыхта биринчи адам болгонун Forbes журналы билдиргенин "Известия" басылмасы жазды.**

Маалыматта Масктан башка тарыхта буга чейин башка эч кимдин 500 млрд долларлык байлыгы болгон эместиги баса белгиленет. 

> Басылманын маалыматы боюнча, SpaceXтин рыноктук баасы августта 400 млрд долларды түзгөн, декабрь айында 800 млрд долларга чейин көтөрүлдү. Компания 2026-жылы акцияларды сата баштайт жана анын баасы болжол менен 1,5 трлн долларга жетет деген божомол бар. 

9-декабрда SpaceX өзүнүн X социалдык медиа платформасында (мурдагы Twitter) Falcon 9 ракетасы АКШнын электрондук чалгындоо спутниктеринин тобу менен орбитага чыкканын жарыялаган. Спутниктердин максаты жана саны тууралуу маалыматтар жашыруун экени айтылган.