> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жалал-Абадда ишкерлердин укуктары жана инвестиция маселелери талкууланды
- URL: https://im.kg/biznes/2025/12/17/zhalal-abadda-ishkierlierdin-ukuktary-zhana-inviestitsiia-masielielieri-talkuulandy/
- Published: 2025-12-17T06:21:08.000Z
- Updated: 2025-12-17T06:21:07.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Бизнес

**Жалал-Абад облусунун прокуратурасынын алдындагы Ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча Консультативдик кеңеш жыйыны болду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдирди.** 

Жыйынга аймактагы мамлекеттик органдардын жетекчилери, ишкерлер жана бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү катышты. 

> Жыйындын жүрүшүндө ишкерлерге негизсиз текшерүүлөр болбошу, укуктарын коргоо жана инвестициялык климатты жакшыртуу маселелери талкууланды. Ошондой эле салык салуу чөйрөсүндөгү укуктук базаны өнүктүрүү жана мамлекеттик органдардын ишкерлер менен өз ара кызматташтыгын күчөтүү боюнча сунуштар сунушталды.

Жыйындын жыйынтыгында Консультативдик кеңештин тиешелүү чечими кабыл алынып, аткаруу үчүн мамлекеттик органдарга жөнөтүлдү. Бул кадам аймактагы ишкердик чөйрөнү туруктуу өнүктүрүүгө жана бизнеске ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталган маанилүү чара болуп эсептелет.