> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жеке ишкерлер онлайн режимде кайра каттала алышат
- URL: https://im.kg/biznes/2025/12/23/zhiekie-ishkierlier-onlain-riezhimdie-kaira-kattala-alyshat/
- Published: 2025-12-23T06:11:16.000Z
- Updated: 2025-12-23T06:11:16.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Бизнес

**Эми жеке ишкерлер мамлекеттик салык кызматынын cabinet.salyk.kg сайты аркылуу онлайн режиминде кайра каттоо боюнча арыз тапшыра алышат. Процесс толугу менен автоматташтырылып, арызды кароо убактысы болгону 5-10 мүнөттү түзөт.** 

Салык кызматынын маалыматына ылайык, жеке ишкерлер жаңы сервисти колдонуу менен төмөнкү операцияларды жүргүзө алышат:

- юридикалык даректи өзгөртүү (анын ичинде башка районго өткөндө);
- салыктык каттоо районун өзгөртүү;
- салык режимин жана реквизиттерин өзгөртүү;
- ишмердүүлүктүн жаңы түрлөрүн кошуу.

> Сервис күнү-түнү — 24/7 режиминде иштейт жана Кыргызстандын жана дүйнөнүн каалаган бурчунан жеткиликтүү. Мурда арыздарды кароо 2–3 жумушчу күн талап кылса, эми процесс 5–10 мүнөттө бүткөрүлөт.