> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ЧОИ-2030: Караколдо туризм жана ишкерликти колдоо маселелери көтөрүлдү
- URL: https://im.kg/biznes/2026/01/27/choi-2030-karakoldo-turizm-zhana-ishkierlikti-koldoo-masielielieri-kotoruldu/
- Published: 2026-01-27T07:32:24.000Z
- Updated: 2026-01-27T07:32:24.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Бизнес

**22-январда Каракол шаарында 2030-жылга чейинки чакан жана орто ишкерликти өнүктүрүү программасынын (ЧОИ-2030) долбоору боюнча көчмө эксперттик жыйын өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.** 

> Жыйынга Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын эксперттери жана Ысык-Көл облусунун ишкерлери катышты. Аймактык өзгөчөлүктөр эске алынып, туризм тармагын экспортко багытталган тармак катары колдоо, жеңилдетилген каржылоо жана инфраструктураны өнүктүрүү маселелери көтөрүлдү.

Ошондой эле ишкерлер жогорку пайыздык кредиттер жана уруксат берүү процедураларындагы кыйынчылыктар тууралуу айтышты. Бардык сунуштар ЧОИ-2030 программасынын акыркы версиясын даярдоодо эске алынат.