> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Манас районунда "Адис нан" ишканасы өндүрүшүн кеңейтүүдө
- URL: https://im.kg/biznes/2026/01/27/manas-raionunda-adis-nan-ishkanasy-ondurushun-kienieituudo/
- Published: 2026-01-27T04:06:39.000Z
- Updated: 2026-01-27T04:06:39.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Бизнес

**Талас облусунун Манас районунда учурда 5 ири өндүрүштүк ишкана иш алып барууда. Алардын бири "Адис нан" ишканасы. Ал учурда өндүрүш көлөмүн кеңейтүү багытында иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.** 

> Аталган ишкана 2023-жылы 150 чарчы метр аянтта ачылган. Бүгүнкү күндө ишкананын кошумча 3000 чарчы метр өндүрүштүк жайы курулуп, заманбап техникалар орнотулууда. Бул өндүрүш процессин жакшыртып, продукциянын көлөмүн көбөйтүүгө шарт түзөт.

Өндүрүштү кеңейтүү максатында ишканага мамлекет тарабынан арзан пайыздуу насыя берилген. Анын жыйынтыгында, мындан ары бул жерде салттуу нан азыктары менен катар тез татым тамактары да даярдалып, рынокко сунушталмакчы.