> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандан тышкары иштеген салык төлөөчүлөргө бирдиктүү салык мөөнөтү узартылды
- URL: https://im.kg/biznes/2026/02/11/kyrghyzstandan-tyshkary-ishtieghien-salyk-toloochulorgho-birdiktuu-salyk-moonotu-uzartyldy/
- Published: 2026-02-11T05:49:10.000Z
- Updated: 2026-02-11T05:49:09.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Бизнес

**Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары ишмердүүлүк жүргүзгөн салык төлөөчүлөр үчүн бирдиктүү салыкка өтүү мөөнөтү 2026-жылдын 1-мартына чейин узартылды.** 

> Салык кызматы эскертет: 2026-жылдын 1-январынан тартып салык төлөөчүлөр 0,1%дык ставка боюнча бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасын колдонууга милдеттүү. Колдонуудагы мыйзамдарга ылайык, аталган салык системасын колдонуу үчүн салык төлөөчүлөр 2026-жылдын 1-февралына чейин арыз берүүгө тийиш болчу.

Келип түшкөн кайрылууларга байланыштуу, арыз берүү мөөнөтү 1-мартына чейин узартылды. Салык кызматы салык төлөөчүлөрдү бирдиктүү салыктын негизинде атайын салык режимине өтүү үчүн аймактык салык органдарына арыз менен кайрылууга чакырат.