> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Уланбек Жаанбаев: Ишкерлер накталай акчаларын Кыргызстанга алып кире албай жатышат
- URL: https://im.kg/biznes/2026/03/04/ulanbiek-zhaanbaiev-ishkierlier-naktalai-akchalaryn-kyrghyzstangha-alyp-kirie-albai-zhatyshat/
- Published: 2026-03-04T05:50:45.000Z
- Updated: 2026-03-04T05:50:44.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Бизнес, Экономика

**Россияда иштеген кыргызстандык ишкерлер Кыргызстанга накталай акча алып кире албай жатышканын айтып даттанышканын бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Уланбек Жаанбаев билдирди.**

Анын айтымында, ага жергиликтүү ишкерлерден эки арыз түшкөн.

"Алар УКМКнын 30-бөлүмүнүн кызматкерлери Ош жана Бишкек аэропорттору аркылуу накталай акчаны Кыргызстанга алып кирүүгө уруксат бербей жатканын айтышууда. Бул туура эмес практика. Канчалык көлөмдө алып келсе да, ишкерлерге мындай мүмкүнчүлүк берилиши керек", — деди Уланбек Жаанбаев.

Ал Министрлер кабинетине жаралган кырдаалга чара көрүүнү тапшырды.