> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Чүйдө чыгарылган корей салаты коңшу өлкөлөргө экспорттолууда
- URL: https://im.kg/biznes/2026/05/14/chuido-chygarylgan-korei-salaty-konshu-olkolorgo-eksporttoluuda/
- Published: 2026-05-14T09:56:34.000Z
- Updated: 2026-05-14T09:56:34.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Бизнес, Экономика

**Чүй облусундагы “Айджен Компани” ЖЧКсы корей салатын өндүрүүнү кеңейтүүдө. Компания жакында Кытайдан заманбап жабдууларды алып келип, эми күнүнө 4 тоннага чейин капустаны кайра иштетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.** 

Өндүрүлгөн салаттар Кыргызстан менен катар Казакстан жана Өзбекстанга экспорттолот.

> Компания керектүү жашылчаларды 9 гектар аянттагы күнөсканада өзү өстүрөт. Ишкана 10 жылдан бери иштеп келет. Учурда бул жерде 12 адам туруктуу эмгектенип, күнүнө 1,5 тонна даяр салат чыгарылууда.

Даяр продукциянын сактоо мөөнөтү 40 күнгө чейин жетет.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/WhatsApp-Image-2026-05-14-at-11.00.17.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/WhatsApp-Image-2026-05-14-at-11.00.18-2.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/05/WhatsApp-Image-2026-05-14-at-11.00.18-4.jpeg)