> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ошто соода-логистикалык борбор ишке кирди
- URL: https://im.kg/biznes/2026/09/14/oshto-sooda-logistikalyk-borbor-ishke-kirdi/
- Published: 2026-09-14T04:46:55.000Z
- Updated: 2026-09-14T04:46:55.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Бизнес

**Ош шаарынын Кеңеш айылында "ЭКО Азык" ЖЧКсы тарабынан курулган соода-логистикалык борбор ишке киргизилди. Анын ачылышына Президент Садыр Жапаров онлайн катышты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.**

> Маалыматка караганда, борбордун жылдык кубаттуулугу 2 миң тоннаны түзүп, 200дөн ашык туруктуу жумуш орду түзүлөт. Долбоор айыл чарба продукцияларын сактоо жана сатуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, жергиликтүү калкты жумуш менен камсыз кылууга жана Ош шаарынын соода-логистикалык инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата Президент Садыр Жапаровдун аралыктан катышуусунда өлкө боюнча 60 өнөр жай объектиси пайдаланууга берилди.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**