> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү Россиянын бизнес коомчулугуна тааныштырылды
- URL: https://im.kg/biznes/2026/10/26/kyrgyzstandyn-investitsiialyk-mumkunchuluktoru-rossiianyn-biznes-koomchuluguna-taanyshtyryldy/
- Published: 2026-10-26T04:21:28.000Z
- Updated: 2026-10-26T04:28:03.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Бизнес

**Соода-өнөр жай палатасынын Россия Федерациясындагы расмий өкүлү Кубанычбек Осмонбеков инвестициялык коомчулуктун өкүлдөрүнө Кыргызстандын инвестициялык потенциалын тааныштырды.**

> Мекеменин маалыматына ылайык, анда өлкөнүн инвестиция тартуудагы артыкчылыктуу багыттары, Кыргызстан менен Россиянын соода-экономикалык кызматташтыгын кеңейтүү жана тышкы экономикалык ишмердүүлүктү өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү баяндалды.

Өзгөчө көңүл Кыргызстандын банк секторуна, эл аралык эсептешүүлөргө, ошондой эле ишкерлерди жана инвестициялык долбоорлорду колдоого багытталган финансылык инструменттерге бурулду.

Катышуучуларга Кыргызстан рыногуна чыгуу, жаңы ишкердик байланыштарды түзүү жана өз ара пайдалуу өнөктөштүктү өнүктүрүү жолдору тууралуу маалымат берилди.

Белгилей кетсек, аталган иш-чараны Альфа-Банк уюштурган.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/10/868003746_1540989701380716_5522770260346135783_n-1.jpg)

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**