> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ош шаарында 69,76 гектар жерге агроөнөр жай комплекси курулат
- URL: https://im.kg/biznes/2026/10/29/osh-shaarynda-69-76-gektar-zherge-agroonor-zhai-kompleksi-kurulat/
- Published: 2026-10-29T05:58:00.000Z
- Updated: 2026-10-29T05:57:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Бизнес

**Ош шаарында 69,76 гектар жер тилкесине агроөнөр жай комплексин куруу пландалууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан маалымдашты.**

> Билдирүүгө ылайык, долбоордун алкагында аймак **30 өзүнчө жер** тилкесине бөлүнүп, фермерлерге жана ишкерлерге ижарага берилет. Анда эт-сүт багытындагы мал чарбачылыгы үчүн сарайлар жана азыктарды кайра иштетүүчү ишканалар курулат.

Мындан тышкары, Ош шаарынын мэриясы тарабынан "Коңур-Жаз" участогунда көлөмү **20 миң куб метр** болгон суу сактагыч курулууда.

Суу сактагыч ишке берилгенден кийин **400 гектар** кайрак жерди сугат жерге айлантууга жана мал чарбачылыгын тоют менен камсыздоого шарт түзүлөт.