> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ошто 29 муниципалдык жер тилкеси аукционго коюлат
- URL: https://im.kg/biznes/2026/11/04/oshto-29-munitsipaldyk-zher-tilkesi-auktsiongo-koiulat/
- Published: 2026-11-04T05:06:00.000Z
- Updated: 2026-11-04T05:10:42.000Z
- Author: Жазгүл Жаңыбаева
- Tags: Бизнес

**Ош шаарынын мэриясы муниципалдык жер тилкелерин убактылуу ижарага берүү жана жеке менчикке өткөрүп берүү боюнча аукцион өткөрөрүн жарыялады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.**

> Мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгы билдиргендей, аукционго жалпы **29 жер тилкеси** коюлат. Анын ичинен **14 жер тилкеси** убактылуу ижарага берилсе, **15 жер тилкеси** жеке менчикке өткөрүлөт.

**Убактылуу ижарага берилүүчү жер тилкелери**

Жер тилкелери шаардын Керме-Тоо, Жибек-Жолу, Кызыл-Кыштак жана Жапалак аймактарында жайгашкан.

Алардын айрымдары кичи базар уюштуруу, коммерциялык иш жүргүзүү, соода павильонун жана соода түйүнүн орнотуу үчүн сунушталууда. Ошондой эле көрктөндүрүү, жашылдандыруу, автоунаа токтотуучу жай жана ийне саюучу бөлмө уюштуруу үчүн жер тилкелери бар.

Ижара мөөнөтү жер тилкесинин багытына жараша ****1 жылдан 5 жылга чейин** белгиленген. Старттык баалар ****10 миң 620 сомдон 8 млн 723 миң 942 сомго чейин** жетет.

**Жеке менчикке өткөрүлүүчү жер тилкелери**

Бул багытта Ош шаарынын ар кайсы көчөлөрүндө жайгашкан **15 жер тилкеси** аукционго чыгарылат.

Алардын аянты ****37 чарчы метрден 337,18 чарчы метрге** чейин. Старттык баалары ****531 миң сомдон 2 млн 255 миң сомго** чейин белгиленген.

**Аукционго кантип катышууга болот?**

Аукционго катышууну каалаган жеке жактар паспортунун көчүрмөсүн тапшырышы керек.

Юридикалык жактар уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрүн, өкүлүнүн ишеним катын жана паспортун берүүгө тийиш.

Мындан тышкары, катышуучулар:

- Старттык баанын **10 %ы** өлчөмүндө кепилдик төлөм;
- Старттык баанын **0,5 %ы** өлчөмүндө комиссиялык жыйым төлөшү керек.
- Лоттун номерин көрсөтүү менен белгиленген формадагы арыз тапшырышы зарыл.

Документтер Ош шаарынын Заднепровский көчөсү №4 дарегинде жайгашкан мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгынын имаратынын 2-кабатындагы 5-бөлмөдө кабыл алынат.

Аукцион "Ош шамы" гезитине жарыяланган күндөн тартып **30 календардык күн** өткөндөн кийин өткөрүлөт. Катышуу үчүн арыздар аукционго **1 күн калганга чейин** кабыл алынат.

Кошумча маалымат алуу үчүн Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына кайрылууга болот.

****Эскертүү:** Аукциондун так датасы жарыя гезитке чыккан күндөн тартып эсептелет. Ошондой эле мэрия жер тилкелерин аукционго үч күн калганга чейин алып салууга укуктуу.