> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# "Ишенген адамдар аз болгон". Курама боз үй жасап бизнес кылган ишкер менен маек
- URL: https://im.kg/biznes/2026/11/13/kyrgyzdy-taanytuuga-araket-zhasaibyz-kurama-boz-ui-zhasap-biznes-kylgan-ishker-menen-maek/
- Published: 2026-11-13T05:31:00.000Z
- Updated: 2026-11-13T05:42:37.000Z
- Author: Рыспек кызы Айжанар
- Tags: Бизнес

**Ош шаарынын тургуну, ишкер Төлөнбай Таалайбеков балдарга жана сувенир катары арналган курама боз үй *(LEGO форматындагы конструктор)* жасап чыгарып, коомчулукка таанымал болду.** 

Ишкердин айтымында, бул долбоор улуттук маданиятты оюн аркылуу үйрөтүүгө багытталган "Таалимтай" долбоорунун алкагында ишке ашкан. Белгилей кетсек, 10-ноябрда Таалайбеков Ош шаарынын мэриясы тарабынан **"Эн мыкты жаш ишкер 2026"** наминациясы менен сыйланды.

**Ишкер медиа сайты** Таалайбеков менен аталган долбоор, ага кеткен каражат, алдыдагы пландары тууралуу баарлашты. 

> Төлөнбай Таалайбеков Оштогу Кара-Кулжа районунун Көк-Арт айылында туулган. Ошол айылда 11 жыл окуп, кийин ОшМУнун Чыгыш таануу факультетин аяктаган. Окуу жайда алмашуу программасынын алкагында Чехиянын Батыш Чех университетинде жана Түркия мамлекетинде билим алган. 

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/28d63b8c-5e90-4642-9098-01c577e0c100.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/9bcfed50-7696-4898-b984-6a363692d7f1-1.jpeg)

****Боз үйдү чогултуудагы керектүү жабдыктар: уук, кереге, түндүк, кийиз жабуулары, босого-таяк жана калга.** 

**Төлөнбай мырза, саламатсызбы! Курама боз үйдү жасоо идеясы эмнеден улам, кандай жагдайда жаралган эле?**

> Мен өзүм балалуу болгондон кийин балама көп китеп издедим. Бирок кыргыз тилинде өзгөчө китептерди таппадым. Ошондон улам китеп чыгарып баштаганбыз. Кийин кыргыздын наркын оюнчук аркылуу балдарга жеткирсек деген ой менен **курама боз үйдү** жасадык.

**Алгач китептерди чыгарган экенсиз да? Бул боюнча кененирээк айтып берсеңиз.** 

> Ооба, алгач китептер чыккан. Негизи эле мен студент кезден баштап китеп чыгарууга аракет кылып келдим. Бирок чыгармачылыгыбыз турмуш шартка байланыштуу уланбай калган. Кийин жогоруда айткандай, балалуу болгондон кийин бул нерсеге муктаж экенибизди билип балдар китептерин чыгаралы деп чечтик. Биздин китептер кадимки китептен айырмаланып азыркы альфа деп аталып келген муунду өзүнө тарта ала тургудай китептер.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/665caca1-40ab-457c-8b33-b4d259f43e2c-1.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/87dbbe21-e6ff-43e3-8cdc-2298bb1b6f1d.jpeg)

**Курама боз үй канча убакытта даярдалат? Материалдарын кайсы жактан алып келесиздер?**

> Курама боз үйдү чыгарууга жалпы **6 айдай убакыт** кетти. Ага инвестиция тартуу да оор болду. Себеби, жок эле нерсеге акчасын карматып коюп ишенген адамдар аз болгон. Бирок, Кудайга шүгүр, биз ойлогондой ийгиликтүү болду. Боз үйдүн материалдарын Кытайда алабыз.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/eeb79056-fbc8-4097-b625-02d3afe88384--1--2.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/11/20d113bd-1a37-407b-b430-15deee9bbd5f-1.jpeg)

****1-сүрөттө боз үй жарым-жартылай куралып, чий менен жабылган. 2-сүрөттө даяр болгон боз үй.** 

**Алдыда ишкерлик тууралуу кандай пландарыңыз бар?**

> Алдыда пландарыбыз чоң. Ушул "Таалимтай" долбоорун дагы да чонойтууну максат кылып жатабыз. А баса, айтып кетчү нерсе жакында эле жаштар күнүндө (10-ноябрда) биз Ош шаарынын мэри тарабынан "Эн мыкты жаш ишкер 2026" наминациясы менен жана 50 миң акчалай сыйлык менен сыйландык. Бул биз үчүн күтүүсүз болду. Шыктандык. Мындан ары кыргыз балдарга китеп чыгарууну улантабыз. Ал эми балдарга өзүбүздүн каада-салтты оюнчук аркылуу жеткиргени ошону менен биргеликте туристтерге кыргызды таанытууга аракет жасайбыз.

Ишкер кошумчалагандай, долбоорго **1 жылда 6 млн сомдон** ашык инвестиция тарттылган. 

**Курама боз үйдү кимдер көп алып кетишет? Мамлекеттик бала бакча, мектептер дагы алышабы?**

> Курама боз үйдү быйылкы жылы эн көп туристтер алды. Андан кийин мектеп жана бакчаларга көргөзмө курал катары алып жатышат. 

> Ишкердин айтымында курама боз үйдүн баасы **3500 сом** турат. 

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар.**