> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Органикалык өндүмдөрдү адаштыруу менен саткандарга айып пул салынат
- URL: https://im.kg/biznes/2026/11/25/organikalyk-ondumdordu-adashtyruu-menen-satkandarga-aiyp-pul-salynat/
- Published: 2026-11-25T07:26:00.000Z
- Updated: 2026-11-25T07:48:03.000Z
- Author: Ishker media
- Tags: Бизнес

**Органикалык өндүрүштөрдү элди адаштыруу менен саткандарга айып упл салуу сунушталууда.** 

Жогорку Кеңештин депутатыМахабат Мавлянова иштеп чыккан мыйзам долбоору парламенттин сайтындагы [коомдук талкуу бөлүмүнө чыкты.](https://kenesh.kg/bills/public/5654)

***Докуметте эмнелер каралган?***

- Сатуу жайларында, анын ичинде интернет аркылуу сатууларда да соода эрежеси бузулса эскертүү берилет. Эгерде 1 жыл ичинде кайталанса, анда жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом айып пул салынат.
- Тастыкталбаган продукцияга органикалык өндүмдөрдүн белгилерин чаптап саткан учурда жеке тараптар 3000 сом, юридикалык жактар 15000 сом айыпка жыгылышат. Мындай иштер 1 жылда кайталанып жасалса, анда жеке жактарга 6000 сом, юридикалык жактарга 30000 сом айып пул чегерилет.