> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандан Россияга товар экспорттоо беш жылда 20%га өстү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2021/11/11/kyrgyzstandan-rossiyaga-tovar-eksporttoo-besh-zhylda-20-ga-st/
- Published: 2021-11-11T11:59:36.000Z
- Updated: 2023-05-03T13:11:41.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы соода жүгүртүү акыркы беш жылда 70%га өстү. 2020-жылдын аягында бул көрсөткүч 350 млн долларга жеткенин «Россия Экспорт борбору» ААКсынын агроөнөр жай комплексин колдоо долбоорунун жетекчиси Денис Казанников билдирди.** 

> «Ошол эле учурда бул сооданын структурасы өзгөрүп жатканы кубандырат. Албетте, Россиядан агым көбүрөөк, бирок Кыргызстандан жакшы тенденцияны көрүп жатабыз. Акыркы беш жылда Кыргызстандын Россияга **экспортунун үлүшү 7%дан 20%га чейин өстү**. Россиянын айыл-чарба продукциясынын экспорттук продукциясы өткөн жылдын аягына карата 290 млн долларга жетти», – деди ал. 

Экспорттун негизин шоколад жана кондитердик азыктар, өсүмдүк майлары, жарма жана башка азыктар түзөт. 

Казанников кошумчалагандай, эки багытта соода жигердүү жүргүзүлсө, өлкөлөр ортосундагы логистика жакшы иштейт. Азырынча Россиядан келген товар жүгүртүү Кыргызстандан төрт эсе көп.