> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Быйыл 9 айда чет өлкөдөгү мигранттар КРга 1.6 млрд доллар жөнөтүшкөн
- URL: https://im.kg/ekonomika/2021/11/30/byjyl-9-ajda-chet-lk-d-g-migranttar-krga-1-6-mlrd-dollar-kotorushkan/
- Published: 2021-11-30T10:36:07.000Z
- Updated: 2023-05-03T13:04:30.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: Экономика, #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2021-жылдын январь-сентябрь айларында чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктар которгон акча каражаттарынын таза агымы 19%га жогорулап, ал 1.6 млрд АКШ долларына жакын өлчөмдө түптөлдү деп билдирди Улуттук банк.**

УБ билдиргенине караганда, өлкөгө акча которуулардын көлөмүнүн өсүшү экономиканын калыбына келүүсү боюнча **оң динамиканы** бекемдөөдө.

> Бирок КРга **мигранттар тарабынан которулган акча негизинен азык-түлүк жана биринчи муктаждыктарга жумшалат**. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын (ДБ) «Борбор Азиядагы пандемия жана жакырчылыкты жеңүү» онлайн-брифингинде экономист, жакырчылык жана теңчилик боюнча аймактагы программанын менеджери Уильям Зейтц [билдирген болчу.](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/10/14/krda-migranttardyn-kotorgon-akchalary-negizinen-birinchi-muktazhdyktarga-zhumshalat-d-jn-l-k-bank/)

Анын айтымында, дал ушул мигранттардын акча которуулары Кыргызстанга **жакырчылыктын деңгээлин жогорулатпоого жардам берип келет** жана бул каражатты жарандар негизинен биринчи муктаждыктарга жумшашат.

> «Мигранттардын акча которуулары Кыргызстанга жакырчылыктын деңгээлин жогорулатпоого жардам берди. Маалыматтар көрсөткөндөй, кризис башталгандан тартып, мигранттар Кыргызстандагы үй-бүлөсүнө жардам берүү үчүн көбүрөөк үнөмдөй башташкан. Ошол эле учурда бул келген акчалар биринчи муктаждыктарга, негизинен тамак-ашка жумшалат», – деген эле ДБнын өкүлү.

Ошондой эле ДБ 2012-жылдан бери КРда жакырчылыктын **туруктуу кыскарышы байкалбагандыгын** айтат. Ал эми COVID-19 пандемиясы кырдаалды курчутуп жиберген. ДБ мурдараак берген [маалыматына ылайык](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/05/27/navid-nakvi-2020-zhyly-dagy-700-mi-kyrgyzstandyk-zhakyrchylykka-kiripter-boldu/), 2020-жылы КРгы жакырчылыктын деңгээли **20.1%дан 31%га** чейин өскөн, жыйынтыгында, жакырчылыкка дагы **700 миң адам** кириптер болгон. Бул калкы 6.6 млн болгон өлкө үчүн өтө эле чоң көрсөткүч экендигин айткан эле ДБ.

> Кыргызстанда жакырчылыктын чегинде жашагандардын саны **20%ды** түзөт. Бул дээрлик 1.5 млн адам.