Быйыл 9 айда чет өлкөдөгү мигранттар КРга 1.6 млрд доллар жөнөтүшкөн

2021-жылдын январь-сентябрь айларында чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктар которгон акча каражаттарынын таза агымы 19%га жогорулап, ал 1.6 млрд АКШ долларына жакын өлчөмдө түптөлдү деп билдирди Улуттук банк.

УБ билдиргенине караганда, өлкөгө акча которуулардын көлөмүнүн өсүшү экономиканын калыбына келүүсү боюнча оң динамиканы бекемдөөдө.

Бирок КРга мигранттар тарабынан которулган акча негизинен азык-түлүк жана биринчи муктаждыктарга жумшалат. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын (ДБ) «Борбор Азиядагы пандемия жана жакырчылыкты жеңүү» онлайн-брифингинде экономист, жакырчылык жана теңчилик боюнча аймактагы программанын менеджери Уильям Зейтц билдирген болчу.

Анын айтымында, дал ушул мигранттардын акча которуулары Кыргызстанга жакырчылыктын деңгээлин жогорулатпоого жардам берип келет жана бул каражатты жарандар негизинен биринчи муктаждыктарга жумшашат.

«Мигранттардын акча которуулары Кыргызстанга жакырчылыктын деңгээлин жогорулатпоого жардам берди. Маалыматтар көрсөткөндөй, кризис башталгандан тартып, мигранттар Кыргызстандагы үй-бүлөсүнө жардам берүү үчүн көбүрөөк үнөмдөй башташкан. Ошол эле учурда бул келген акчалар биринчи муктаждыктарга, негизинен тамак-ашка жумшалат», – деген эле ДБнын өкүлү.

Ошондой эле ДБ 2012-жылдан бери КРда жакырчылыктын туруктуу кыскарышы байкалбагандыгын айтат. Ал эми COVID-19 пандемиясы кырдаалды курчутуп жиберген. ДБ мурдараак берген маалыматына ылайык, 2020-жылы КРгы жакырчылыктын деңгээли 20.1%дан 31%га чейин өскөн, жыйынтыгында, жакырчылыкка дагы 700 миң адам кириптер болгон. Бул калкы 6.6 млн болгон өлкө үчүн өтө эле чоң көрсөткүч экендигин айткан эле ДБ.

Кыргызстанда жакырчылыктын чегинде жашагандардын саны 20%ды түзөт. Бул дээрлик 1.5 млн адам.