> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2022-жылы республикалык бюджеттин кирешелери 203 млрд 600 млн сомду түзөт
- URL: https://im.kg/ekonomika/2021/12/10/2022-zhyly-respublikalyk-bjudzhettin-kiresheleri-203-mlrd-600-mln-somdu-t-z-t/
- Published: 2021-12-10T11:37:42.000Z
- Updated: 2023-05-03T13:01:40.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: Экономика, #Пикир, #Import 2025-07-22 12:57

**2022-жылы республикалык бюджеттин кирешелери 203 млрд 600 млн сомду түзөт. Бул тууралуу Каржы министри Алмаз Бакетаев бүгүн, 10-декабрда «КРнын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндөгү» парламенттик угууда[ билдирди.](https://www.youtube.com/watch?v=78pac5y-CtE)**

Анын айтымында, 2022-жылы республикалык бюджеттин кирешелери **203 млрд 600 млн сом** же ИДПга карата **28.5%ды** түзөт.

> «Ошондой эле кийинки жылдарга карата кирешелердин өсүүсү болжолдонууда. **Чыгымдар 212 млрд 700 млн** сомго чейин көбөйөт жана ИДПга карата 29.8%ды түзөт», – деди министр.

Ошондой эле Бакетаев 2022-жылы бюджеттин тартыштыгы 9.1 млрд сом суммасында же ИДПга карата 1.3%га болжолдонуп жатканын билдирди.

> «2023-жылы тартыштык азайышы, ал эми 2024-жылы 8.3% профицит менен болушу күтүлүүдө. Бюджетке тышкы булактардан түшкөн каражаттарды эске албаганда, орто мөөнөттүү келечекте бюджеттин профицити 0.6 млрд сомду түзөт. 2024-жылы 24 млрд 400 млн сом суммага жетүүсү болжолдонууда», – деди ал.