2022-жылы республикалык бюджеттин кирешелери 203 млрд 600 млн сомду түзөт
2022-жылы республикалык бюджеттин кирешелери 203 млрд 600 млн сомду түзөт. Бул тууралуу Каржы министри Алмаз Бакетаев бүгүн, 10-декабрда «КРнын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндөгү» парламенттик угууда билдирди.
Анын айтымында, 2022-жылы республикалык бюджеттин кирешелери 203 млрд 600 млн сом же ИДПга карата 28.5%ды түзөт.
«Ошондой эле кийинки жылдарга карата кирешелердин өсүүсү болжолдонууда. Чыгымдар 212 млрд 700 млн сомго чейин көбөйөт жана ИДПга карата 29.8%ды түзөт», – деди министр.
Ошондой эле Бакетаев 2022-жылы бюджеттин тартыштыгы 9.1 млрд сом суммасында же ИДПга карата 1.3%га болжолдонуп жатканын билдирди.
«2023-жылы тартыштык азайышы, ал эми 2024-жылы 8.3% профицит менен болушу күтүлүүдө. Бюджетке тышкы булактардан түшкөн каражаттарды эске албаганда, орто мөөнөттүү келечекте бюджеттин профицити 0.6 млрд сомду түзөт. 2024-жылы 24 млрд 400 млн сом суммага жетүүсү болжолдонууда», – деди ал.