> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жерүй кенин иштетүүдөн 2022-жылы республикадагы өндүрүштүн көлөмү 2 эсе өсөт
- URL: https://im.kg/ekonomika/2021/12/10/zher-j-kenin-ishtet-d-n-2022-zhyly-respublikadagy-nd-r-sht-n-k-l-m-2-ese-s-t/
- Published: 2021-12-10T15:01:03.000Z
- Updated: 2023-05-03T13:04:53.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Жерүй кенин иштетип баштагандан улам 2022-жылы республикадагы өндүрүштүн көлөмү 2 эсеге көбөйөт. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда «КРнын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндөгү» [парламенттик угууда](https://www.youtube.com/watch?v=78pac5y-CtE) Экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев «КРнын орто мөөнөттүү мезгилде социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолу жөнүндө» баяндамасында билдирди.**

Министрдин айтымында, 2022-жылы **экономикалык өсүштүн негизги драйвери өнөр-жай тармагы болот** жана ал жалпысынан ИДПнын 6.5%га өсүшүнө салым кошот. Өнөр жай тармагында өндүрүш көлөмүнүн реалдуу өсүшү **14.9%**га жетиши болжолдонууда.

> **«Жерүй кенин иштетип баштагандан улам 2022-жылы республикадагы өндүрүштүн көлөмү 2 эсеге көбөйөт. Ал эми** Кумтөр кенинен негизги металлдарды өндүрүү 2021-жылга салыштырмалуу **21.4%га** көбөйүүсү болжолдонууда», – деди Амангельдиев.

Амангельдиевдин берген маалыматына караганда, текстиль тигүү жаатында 4.5% өсүш болжолдонуп, ишканалардын ишин толук калыбына келтирүү күтүлүүдө. Ошондой эле көмүрдүн казып алынуусу 6%га чейин, мунай менен табигый газ 4%га көбүрөөк өндүрүлүшү болжолдонууда. Тамак-аш продукцияларынын реалдуу өсүшү, нан, сүт, ун, эт ж.б. азыктарын туруктуу өндүрүүнүн эсебинен анын көлөмү 4-5%га өсмөкчү.