> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өлкөнүн 2021-жылдагы бюджетинин кирешеси 187.4 млрд сомду түздү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2022/02/26/lk-n-n-2021-zhyldagy-bjudzhetinin-kireshesi-187-4-mlrd-somdu-t-zd/
- Published: 2022-02-26T14:28:05.000Z
- Updated: 2023-05-03T12:11:41.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**КРнын 2021-жылдагы бюджетинин жыйынтыгы боюнча кирешелердин көлөмү 187.4 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев бүгүн, 26-февралда өткөн маалымат жыйынында билдирди.** 

Анын айтымында, бул 2020-жылдын тийиштүү көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу кирешенин өсүшү 53 млрд сомго көп болгон жана өткөн жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүнүн негизги натыйжасы – ИДП өсүү темпи боюнча оң көрсөткүчкө жеткен.

Экономиканын тармактар боюнча көрсөткүчтөрү төмөнкүдөй болгон:

- **Айыл чарбасында** өндүрүштүн темпи 5%га төмөндөгөн
- **Курулушта** 4.8%га азайган
- **Өнөр жайында** өсүү темпи 7.2%га өскөн
- **Кызмат көрсөтүү** тармагында өсүш 6.5%ды түзгөн

> «Айыл чарбасынын дүң продукциясынын көлөмүнүн азайышы негизинен өсүмдүк өстүрүүнүн 11.6%га азайышына байланыштуу болду», – деди Амангелдиев.