2020-жылдагы пандемия: Кыргызстан донорлордон алган каражатты эмнеге жумшады?
Кыргызстан 2020-жылдагы коронавирус пандемиясынан катуу жабыркаган өлкөлөрдүн бири. Республика жарандарын жоготкондон тышкары, экономикасы да чоң соккуга учурады.
Локдаун башталгандан кийин өкмөт жана эл аралык институттар жылдын аягына чейин экономика 4%га төмөндөйт деп күтүшкөн. Бирок жылдын жыйынтыгында көрсөткүчтөр андан да начар болуп, өлкөнүн экономикасынын өсүү темпи 8.6%га төмөндөгөн.
Экономиканын дээрлик бардык тармактары катуу сокку алды, 2019-жылдагы 3% өлчөмүндөгү инфляциянын 2020-жылдын акырына карата 10%га чейин өсүшүнө алып келди. Калк арасында жумушсуздуктун деңгээли 5.8%га, жакырчылыктын деңгээли 31%га чейин өстү.
Эгерде Кыргызстан эл аралык донорлордон эбегейсиз каржылык колдоо албаганда, бул көрсөткүчтөрдүн баары мындан да жогору болушу мүмкүн эле. Өкмөт бул каражаттарды кризистин кесепеттери менен күрөшүүгө жумшады.
2020-жылы Кыргызстанга сырттан канча акча келди?
Коронавирус пандемиясы учурунда өлкөгө тышкы жардам кредиттер жана гранттар, гуманитардык жардам, карызды кечүү же кийинкиге калтыруу түрүндө келген. Алардын эң чоң үлүшүн же бардык тышкы жардамдын 84%ын мурдагыдай эле кредиттер жана гранттар түздү – 607 млн доллар . Бул сумманын бир бөлүгү, тактап айтканда, 135.2 млн доллары гранттардан, калганы – 471.8 млн доллары ар кандай эл аралык каржы институттарынан алынган насыялардан турат.
Донорлордун тизмеси:
- Эл аралык валюта фонду – 241.9 млн доллар кредит
- Азия өнүктүрүү банкы – 150 млн доллар, анын 45.7 млн доллары гранттар
- Дүйнөлүк банк – 71.2 млн доллар, анын жарымы грант түрүндө
- Азия инфраструктуралык инвестиция банкы – кредит түрүндө 50 млн доллар
- Европа Биримдиги – 33.9 млн доллар грант түрүндө
- Россия – 20 млн доллар грант түрүндө
Акчаны эмнеге жумшашты?
Экономиканын төмөндөөсү бюджеттин киреше бөлүгүнө түздөн-түз таасирин тийгизип, ал болгону 134.7 млрд сомду гана түздү. Чек аралардын жабылышынан улам бажы төлөмдөрү азайып, болжолдонгон 43 миллиарддын ордуна бюджетке 29 млрд сом гана түштү.
Жыл башында 76.6 млрд сом чогултуу планы бар Салык кызматы да пландагыдан аз – 63.7 млрд сом гана салык чогулткан. Пандемиядан улам 36 млрд сомдон ашык сумма түшпөй калып, бюджеттин тартыштыгы 19.8 млрд сомго чейин өстү.
Мындай экономикалык көрсөткүчтөр бюджеттин корголгон статьяларын каржылоого таасирин тийгизип, эмгек акыларды, пенсияларды жана жөлөк пулдарды төлөөдө көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн эле. Бирок өлкө жетекчилиги эл аралык донорлордон түшкөн каражаттардын басымдуу үлүшүн – үчтөн экиге жакынын бюджетти колдоого, башкача айтканда, алгач бюджетте каралган чыгымдарды каржылоого жумшады. Бул беренелер мамлекеттик сектордун эмгек акысын, пенсияларды, социалдык жөлөкпулдарды жана стратегиялык запасты – тамак-ашты жана дары-дармекти сатып алууну камтыйт.
Жалпысынан алынган каржылык жардамдын 426.4 млн доллары (66%) республикалык бюджетти колдоого бөлүнгөн.
Келип чыккан экономикалык көйгөйлөрдү жоюу үчүн Кыргызстандын өкмөтү дагы бир катар антикризистик чараларды иштеп чыгып, тартылган чет элдик жардам каражаттарынын төрттөн бир бөлүгүн экономиканы колдоого багыттаган. Натыйжада, 160.5 млн доллар же тышкы жардамдын жалпы суммасынын 25%ы кичи жана орто бизнеске жеңилдетилген кредиттерди берүүгө багытталган.
Дагы 56.2 млн доллар же 9% чукул чыгымдарга – COVID-19 менен күрөшүү үчүн зарыл болгон дары-дармектерди, жеке коргонуу каражаттарын, медициналык жабдууларды сатып алууга бөлүнгөн.