2020-жылдагы коронавирус пандемиясы Кыргызстандын мамлекеттик карызына кандай таасирин тийгизди
2020-жылдагы коронавирус пандемиясынан улам Кыргызстандын мамлекеттик карызы дагы көбөйүп кетти. Келип чыккан экономикалык кыйынчылыктардан улам өкмөт кошумча кредиттерди алууга аргасыз болуп, бул өз кезегинде донорлорго болгон карыздардын олуттуу өсүшүнө алып келди.
Бирок буга чейин пландалбаган кредиттерди жана гранттарды бөлүү менен катар эл аралык каржы институттары Кыргызстанга карыздарды төлөө үчүн бир катар жеңилдиктерди бергенин да белгилей кетүү керек.
2020-жылы Кыргызстандын экономикасы кандай өзгөрдү?
Коронавирус пандемиясы Кыргызстандын экономикасына катуу сокку урду. Киргизилген чектөөлөрдөн улам экономика 8.6%га төмөндөп, инфляция дээрлик 10%га жетип, республикалык бюджетке 36 млрд сомдон ашык салык түшпөй калды.
Мамлекет бюджеттик кызматкерлердин айлык акысын гана эмес, пенсия менен жөлөкпулдарды төлөө боюнча өз милдеттерин аткара албай калса, булардын баары түзмө-түз катастрофалык кесепеттерге алып келиши мүмкүн эле.
Жабылган чек аралардан жана локдаундан улам бир нече айга дээрлик бардык иш-аракеттерин токтотуп, ага жараша кирешесин жоготкон ишкерлер да бир топ жапа чегишти.
Бюджетте пайда болгон тешиктерди «жабуу» үчүн өкмөт сырттан насыя, грант түрүндө кошумча каражаттарды тартууга аргасыз болду.
Кыргызстандын мамлекеттик карызы кандай өзгөрдү?
Кыргызстан кредит жана грант түрүндө ар кандай эл аралык донорлордон 607 млн доллар алган, анын 135.2 млн долларын грант жана 471.8 млн долларын кредит түзгөн.
Эл аралык валюта фонду Кыргызстанга кредит түрүндө 241.9 млн доллар, Азия өнүктүрүү банкы 150 млн доллар, анын 45.7 млн доллары – грант, Дүйнөлүк банк 71.2 млн доллар, анын жарымы грант түрүндө, Азия инфраструктуралык инвестициялык банкы – кредит түрүндө 50 млн доллар, Евробиримдик менен Россия 33.9 млн доллар жана 20 млн доллар грант түрүндө беришкен.
Кыскарган ИДП жана доллардын кескин кымбатташынын фонунда жаңы алынган тышкы карыздар мамлекеттик карыздын өсүшүнө алып келди – ал ИДПны 16%дык пунктка көбөйтүп, ИДПга карата 68%ды түздү. 2019-жылдын 31-декабрына карата карыз 4 млрд 587.26 млн долларды түзсө, жарым жылдан кийин, 2021-жылдын аягында 4 млрд 925.81 млн долларга жетти.
Ошол эле учурда 2020-жылы Кыргызстан эл аралык донорлордон жеңилдетилген шарттарда чукул жардам алганын, ансыз өлкөнүн карызы мындан да көбөйүп кетиши мүмкүн экенин белгилей кетүү керек. Мисалы, Дүйнөлүк банктан алган кредиттер 38 жылга жылдык 0.75% менен түзүлүп, алгачкы 6 жылда Кыргызстан үстөк пайызын гана төлөшү керек болсо, Азия өнүктүрүү банкы менен Ислам өнүктүрүү банкынан насыялар 32 жана 25 жылдык мөөнөткө, негизги карызды төлөө үчүн 7-8 жылдык каникул менен жылына 1 жана 1.5% өлчөм менен алынган.
Карыздарды кечүү жана кийинкиге калтыруу
Кыргызстандын экономикасы үчүн оор жылда эл аралык каржы институттары «реалдуу акча» менен гана эмес, буга чейинки карыздардын бир бөлүгүн кечүү же аларды кечиктирип төлөө мөөнөтүн камсыз кылуу аркылуу республикалык бюджеттин жүгүн азайтууга көмөктөштү. Өкмөт да тышкы карызды реструктуризациялоо боюнча кредиторлор менен активдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
2021-жылы Кыргызстан G-20 өлкөлөрү жана башка донорлор тарабынан өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө жардам катары сунушталган Карызды тейлөөнү токтотуу демилгесине (DSSI) катышты. Бул демилгенин алкагында Кыргызстан 2021-жылдын августунан тарта бир катар эки тараптуу кредиттер боюнча төлөмдөрдү токтотууга жетишти. Бул төлөмдөр 6 жылга реструктуризацияланат, анын ичинде негизги карызды төлөөнү 1 жылга кийинкиге калтырат.
DSSI демилгеси Кытайдын Эксимбанкына, Германияга (KfW жана Hermes), Түркияга, Японияга (JICA), Данияга, Францияга жана Сауд Аравиясына карызды тейлөө агымдарын реструктуризациялоону камтыйт. Натыйжада, реструктуризацияланган төлөмдөрдүн жалпы суммасы болжол менен 63.5 млн долларды түздү.
Кошумчалай кетсек, Эл аралык Валюта Фонду Кыргызстандын 2021-2022-жылдары жалпы суммасы 12.2 млн доллар болгон мурда алынган кредиттери боюнча негизги төлөмдөрүн кечти.