> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банк эсептик ченди 14% деңгээлинде сактап калууну чечти — январда эле 8.5% болчу
- URL: https://im.kg/ekonomika/2022/08/30/uluttuk-bank-eseptik-chendi-14-de-geelinde-saktap-kaluunu-chechti-yanvarda-ele-8-5-bolchu/
- Published: 2022-08-30T11:54:35.000Z
- Updated: 2023-05-03T11:52:09.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Улуттук банк тышкы жана ички экономикалык чөйрөнүн өнүгүү шарттарын эске алуу менен эсептик чен өлчөмүн 14% деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алганын билдирди.**

Улуттук банк проинфляциялык тобокелдиктер жеңилдегенге чейин жүргүзүп жаткан акча-кредит саясатынын багытын карманарын, кандайдыр бир тобокелдиктер жаралган учурда, жүргүзүп жаткан монетардык саясатка кошумча түзөтүүлөрдү киргизүүнү жокко чыгарбай тургандыгын кабарлады.

> Белгилей кетсек, Улуттук банк **эсептик ченди көтөрүү менен сомдун наркын көтөрөт**, жыйынтыгында, коммерциялык банктар да пайыздарын көтөрүүгө аргасыз болот. Жөнөкөй тил менен айтканда, **сомдун баркы көтөрүлүп, элдерге акча кымбаттайт**. Кошумча, бериле турган кредиттерге кошумча пайыздар кошулат.

Эскерте кетсек, өлкөнүн башкы банкы 2022-жылдын 31-январында эле эсептик ченди 50 базистик пунктка [**8.5%га** ](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/02/01/uluttuk-bank-eseptik-chendi-8-5-ga-chejin-zhogorulatty/)чейин жогорулатуу чечимин кабыл алган.

Улуттук банк эсептик чендин өлчөмү тууралуу кийинки пландык отуруму 2022-жылдын 31-октябрында өтөт. Регулятор жагдайга жараша негизги чендин өлчөмү тууралуу маселе боюнча пландан тышкаркы отурум өткөрмөкчү.

---

Эскерте кетсек, буга чейин [Economist.kg](http://localhost/info-portal/) Улуттук банктан эсептик чен кандай иштээрин жана ал кандай себептер менен көтөрүлүп жаткандыгына түшүндүрмө сураганда, анда да жөнгө салуучу[ эсептик ченди көтөрүү инфляцияны басаңдатуу үчүн жасалып жаткандыгын](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/12/06/uluttuk-bank-zhoop-beret-eseptik-chendi-k-t-r-inflyaciyany-basa-datuu-ch-n-zhasaluuda/) билдирген болчу.