> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ОКӨФ айыл чарба тармагындагы ишканаларга 44 млн доллар жеңилдетилген насыя берди
- URL: https://im.kg/ekonomika/2022/09/01/ok-f-ajyl-charba-tarmagyndagy-ishkanalarga-44-mln-dollar-zhe-ildetilgen-nasyya-berdi/
- Published: 2022-09-01T14:14:59.000Z
- Updated: 2023-05-04T04:41:06.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду чакан жана орто бизнести колдоо программасынын алкагында айыл чарба тармагындагы 1850 долбоорду каржылоого 44 млн доллардан ашык каражат берген. Бул тууралуу бүгүн, 1-сентябрда фонддун маалымат кызматы билдирди.**

Жогоруда аталган долбоорлордун бири – саан уйларды багуучу «Мис сүт» ЖЧКсы болгон. ОКӨФ малдарды кармоочу базаны модернизациялоого жана бодо мал сатып алууга берген жеңилдетилген кредит ишканага сүт өндүрүүнүн көлөмүн бир топ жогорулатууга мүмкүндүк берген.

> Ошондой эле фонд тарабынан «Татымал Групп» ЖЧКсына өндүрүштүк жайларды оңдоого **6.3 млн сом** бөлүнгөн. Компания таңгакталган татымалдарды жана башка да кулинарияда колдонулуучу татымалдарды чыгарат.

Мындан тышкары, ОКӨФ «Бай Элим Компани» ЖЧКсына жашылча-жемиш консерваларын жана томат пастасын өндүрүү үчүн жабдууларды сатып алууга **150 миң доллар** бөлгөн.